Жүрөгүм ооруйт дебеңиз текст песни

Анапия Райымбекова

0
0

Поделиться:


Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Кеменгер ишкер,
Керемет жолдор алдыда.
Кемибей турсун,
Кебелбей өмүр кемеңиз.

Жүрөгүңүзгө,
Жүк болдум бекен ашыкча?
Жүрчү элем шерик,
Болсом деп ырыс-бакытка.
Тынчытып өзүм,
Тымызын тыйып алчу элем.
Көңүлдүн кушун,
Көкөлөп сизге ашыккан.

Айтпаңыз антип,
Жүрөгүм ооруйт дебеңиз.
Таянган тоом,
Жөлөнгөн аскам элеңиз.
Жөнөкөй жанмын,
Жөн гана сиз деп жашаган.
Жүрөктү кыйнап,
Жөнү жок азап жебеңиз.

Анапия Райымбекова, Анапия Райымбекова, Жүрөгүм ооруйт дебеңиз, Журогум ооруйт дебениз текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Добавил текст

25.06.2016