Айтпаса экен текст песни

Айгерим Расул кызы

0
0

Поделиться:


Жамгыры коңур күздүн,
Төгүлүп турду бүт күн.
Кол чатыр кармап алып,
Сен мени билем күттүң,
Бүгүн да мени күттүң.

"Жайнаган каректериң,
Карагым келет" дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле, ай, сүйөм" деп айтпаса экен...

Ак жамгыр майдаланып,
Аппапак карга айланып.
Ушул кеч мени күткөн,
Баратты таңга айланып.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле, ай, сүйөм" деп айтпаса экен....

"Жайнаган каректериң,
Карагым келет" дедиң.
А башка сөздөрүңдү,
Укпашым керек менин.
"Дүйнөңүз таптаза экен,
Көзүңүз башкача экен".
Дегенде мен ойлодум:
"Сүйөм деп айтпаса экен".
"Чын эле, чын эле, ай, сүйөм" деп айтпаса экен...
Айгерим Расул кызы, Айгерим Расул кызы, Айтпаса экен, Айтпаса экен текст песни, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Добавил текст

29.01.2018