Асылындай асылдын, кубатымсың жан курбум.
Кайрыгындай ушул жакшы ырдын,
Жарык чачып дайыма, жөлөгүмсүң ай,
Тирегиндей бактымдын, жанымдасың жан курбум.
Тартуусундай ушул тагдырдын,
[Кайырма]
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.
Ачып сага бүтүндөй жүрөгүмдү ай,
Тең бөлүшкөн сырдашым, көңүл баккан жан курбум.
Бийик сага сыйым-урматым.
Бакыт берген сезимге балалыктын ай,
Бирге бастык жылдарын бул өмүрдүн жан курбум.
Бир көрөлү дагы жыргалын.
[Кайырма]
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Бир көрөлү өмүр жыргалын.
Аа-ай, кыйбасымсың, сырдашымсың жан курбум,
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын.
Кайрыгысың биздин жакшы ырдын. Самара Каримова, Юлия Руцкая, Самара Каримова, Юлия Руцкая, Курбум, Курбум сөзі, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store