Бөлісу:


Бул өмүрдө ак сүйүү бир келет,
Ар жүрөккө бирден түгөй берет.
Ишене бергин жалган жашоодо,
Өзүңдү сүйгөн сезим өзгөрбөйт.

Билемин жаным ишениш керек,
Мындай сезимди жүрөк сезе элек.
Кыялдарымды өзүңө арнайм,
Жакшы тилектер кепилдик берет.

[Кайырма]
Сен, мен бакыт издедик,
Тандап кимди сүйбөдүк.
Бакыт дайыма жанаша,
Жүрсө неге сезбедик.

Махабатыбыз ынтымак берсин,
Бакыттын дамын жүрөктөр сезсин.
Сүйүүнүн күчү күн өткөн сайын,
Салкындап кетпей, эселеп өссүн.

Жан шерик издеп, ак сүйүү таптым,
Көп жигиттерден бир өзүң жактың.
Түбөлүк сүйөм, сага сөз берем,
Жөлөгүм сенсиң, таалайым, бактым.

[Кайырма]
Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова, Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова, Бакыт издедик, Бакыт издедик сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Пікірлер

Zuhriddin

24 Қараша 2016

Zuhriddin

GM

Сөзін қосқан

03.07.2016