Кантип сага коёмун барбай?
Сүйгөн үчүн, дүйнөм бүтүн, керемет кандай?
Кол кармашып, бактыга барабыз,
Кош канаттай кагылган жанбыз,
Батып муңга, кантип мурда жашадык жалгыз?
[Кайырма]
Эркелеп ак булуттан неге жаш тамат?
Эки жүрөк табышканда жаз башталат.
Бийик учат махабат кушка айланып,
Биз экөөбүз - кош канат.
Сагынычтан качамын кайда?
Сага карай шашамын кайра.
Сүйбөгөнгө, күйбөгөнгө,
Бар бекен айла?
Жамгыр жааса койбогун келбей,
Жалындаган жан барбы мендей?
Кара мына, карааныңа толкудум көлдөй.
[Кайырма]
Иса Өмүркулов, Иса Омуркулов, Кош канат, Кош канат сөзі, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store