Мен да бала сүт оозумдан кетелек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менегн үйкуруп.
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.
[Кайырма]
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Мага билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон
“Кемпир!” десем мен колуңдан жетелеп,
“Белим ий” – деп сен да мага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп мени аяп.
Чай канаткан күндөрүң,
Али эсимден кетелек.
[Кайырма]
Коштошоордо коомай кармап колумду,
-Сагынба... – деп, санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдум жалдырап,
Караан үзгөн жолуңду.
[Кайырма] Иса Өмүркулов, Иса Омуркулов, Алтын балалык, Алтын балалык сөзі, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store