Күндөр бар күтүүсү жок өтпөй калган.
Күкүктөй үнүн безеп ырдап жүргөн,
Сүйүү бар жүрөгүмдөн өчпөй калган.
Сагынып бирге жүргөн күндөрүмдү,
Сары оору болдум эстеп күлгөнүңдү.
Сан күндөр өтпөй туруп арабыздан,
Сапардан кайтып келип жүрбөдүмбү.
Жыйнадым кусалыктын барактарын,
Күтпөдүм күндүн чыгып, таң атканын.
Жымыңдап жылдыз учкан түн койнунда,
Сагынып сага кетип баратамын.
Кайгырып өткөндөрдү эстебечи,
Капага батып турам, кош дебечи.
Кечиксе мейли турмуш сапарынан,
Кетели, жүрчү, жаным, жок дебечи.
Жаныңдан карыш алыс чыкпайынчы,
Жакшыдан башка сөзүң үкпайынчы.
Мен үчүн эң кымбатым өзүң болуп.
Мемиреп кучагыңда үктайынчы. Дима Пазылов, Дима Пазылов, Кусалык, Кусалык сөзі, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store
zar
zor
нура
ajperikudaarova