Аппагым сөзі

Азамат Сарыбаев

0
0

Бөлісу:


Өмүрүм күлгүн көктөмдө,
Өрүкзар гүлүн төккөндө.
Өрөпкүп жүрөк кубанды,
Өзүңдү алгач өпкөндө.
Ээй, аппагым,
Өкүнөм ал күн өткөнгө.

Жанымда жүрсөң жанаша,
Жоодурап күлө караша.
Жылдыздар көктөн суктанды,
Жамалың менден талаша.
Ээй, аппагым,
Бөлүнгөн элек таң ата.

Жолугар жерден бактагы,
Кайрылып сени таппадым.
Күбүлүп жатты шамалга,
Өрүктүн гүлү шактагы.
Ээй, аппагым,
Сен менен кетти жаш чагым.

Азамат Сарыбаев, Азамат Сарыбаев, Аппагым, Аппагым сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016