Жаштыкка кайрылуу сөзі

Апаз Жайнаков

0
0

Бөлісу:


Он сегиз курак бактымбы?
Ошондон жыргал таптымбы?
Ойнотуп, ойнотуп күлүк ат минип,
Жыйрмадан отузду карай чаптымбы?

Өмүрдөн, жашоодон издеп бактымды,
Көңүлдөн, сүйүүдөн аны таптымбы?

Кыйналып издеп бактымды,
Кырк жашты карай чаптымбы?
Он сегиз, жыйырманын ичи жаш эле,
Ыраактап өзүм качтымбы?
Өмүрдөн, жашоодон издеп бактымды,
Көңүлдөн, сүйүүдөн аны таптымбы?

Эчен жыл издеп бактымды,
Элүүгө карай чаптымбы?
Улгаюу деген ойдо жок,
Убакыт неге шаштырды?
Өмүрдөн, жашоодон издеп бактымды,
Көңүлдөн, сүйүүдөн аны таптымбы?
Апаз Жайнаков, Апаз Жайнаков, Жаштыкка кайрылуу, Жаштыкка кайрылуу сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016