Өрүкзарга кетели сөзі

Апаз Жайнаков

0
0

Бөлісу:


Жүр ээрчишип кетели өрүкзарга,
Сунушумду суранам, четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.

Мөл булакка барабыз ай тоскону
Ат жалында шамалда ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.

Айлуу түндө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы күлкүбүздү.
Жылдыздарды терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.

Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели, макул болчу.
Апаз Жайнаков, Апаз Жайнаков, Өрүкзарга кетели, Орукзарга кетели сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016