Кусалыкка кабылбасын сөзі

Апаз Жайнаков

0
0

Бөлісу:


Жүзүңдөн күлкү, шаттык арылбасын,
Күлкүңдөй тунук болчу, карындашым.
Сүйүүңдүн күчүн сезген күндөн баштап,
Мен эми тагдырыма таарынбасмын.

Көзүңдөн жанат жаштык, карындашым,
Жалбарам, махабатың жаңылбасын.
Аттиң, ай, кайда кеттиң байкалбастан,
Зарыгып издегеним, табылбасым?

Бир шаарда жашасак да, карындашым,
Кээ күнү кол жетпеген алыстасың.
Түшүнөм, түшүн, жаным, сен да мени,
Сезимдер кусалыкка кабылбасын.


Апаз Жайнаков, Апаз Жайнаков, Кусалыкка кабылбасын, Кусалыкка кабылбасын сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016