Бийге чакыруу сөзі

Апаз Жайнаков

0
0

Бөлісу:


Эй, кара көз татынам,
Ой, кара көз татынам.
Келчи бери тартынба,
Келчи бийге чакырам.

Ой, кара көз татынам,
Кантип сырым жашырам.
Сыласам дейм бий бийлеп,
Сенин кара чачыңдан.

Бий бийлесем сен менен,
Ийе кармап белиңден.
Уккум келет астыртан,
Шыбыраган кезиңден.

Шаттыгыңа бөлөчү,
Кубанычка бөлөчү.
Сүйкүм назик жүзүңдү,
Көкүрөккө жөлөчү.
Келчи шыдыр жөнөчү,
Келчи шыдыр жөнөчү.
Бий бийлешкен жигиттин,
Көккө жетсин төбөсү.

Апаз Жайнаков, Апаз Жайнаков, Бийге чакыруу, Бийге чакыруу сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016