Аясаңчы, козгобой арманымды... сөзі

Апаз Жайнаков

0
0

Бөлісу:


Ошондойбу, оо, сулуу, ошондойбу?
Ошол үчүн жүрөгүң озондойбу?
Ыгы жоктук кетирсем кечирип кой,
Ыза болуп көңүлүң бошоңдойбу?

[Кайырма]
Оор тийсе ошондо, ошондогум,
Ойлой берип мен дагы бошоңдодум.
Кирсиз, таза тилектер кайда калды?
Ким көтөрөт көңүлдүн бозоргонун?

Тамашаңбы, чыныңбы, жалганыңбы?
Жалган айтып мен сени алдадымбы?
Арзуу толгон жүрөгүм бирөө эле,
Аясаңчы, козгобой арманымды...

[Кайырма]

Ушундайбы, оо, сулуу, ушундайбы?
Ушул үчүн жүрөгүң тызылдайбы?
Арзуу толгон жүрөгүм бирөө эле,
Аясаңчы, козгобой арманымды...

[Кайырма]
Апаз Жайнаков, Апаз Жайнаков, Аясаңчы, козгобой арманымды..., Аясанчы, козгобой арманымды... сөзі, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Сөзін қосқан

25.06.2016