Махабат талаасы - сен.
Кыялдары кайнаган,
Сүйүүмдүн санаасы - сен.
Тоо гүлүнө окшогон,
Жыпар жытын коштогон.
Соолубаган түбөлүк,
Гүлүмдүн тазасы - сен.
[Кайырма]
Ырахаттуу жашоо берген гүлүм - сен,
Күндө мага тийип турган күнүм - сен.
Махабаттан жаралган ырым - сен,
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө сырым - сен.
Ырахаттуу жашоо берген гүлүм - сен,
Күндө мага тийип турган күнүм - сен.
Махабаттан жаралган ырым - сен,
Жүрөгүмдүн түпкүрүндө - сен.
Сулуулардын сулуусу,
Чүрөктөрдөн пери - сен.
Жүрөктөрдүн жылуусу,
Махабаттын деми - сен.
Ак кууларга окшогон,
Жан шеригиң коштогон.
Бийик учуп түбөлүк,
Бактылуу кыл мени сен.
[Кайырма]
Багынып жамалыңа,
Азгырасың, жаным, мени сен!
Жылдыз болуп жанып,
Турчу дайым сен!
[Кайырма] Алекс, Алекс, Сен, Сен сөзі, 0 Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store