Жубайыма lyrics

Турдакун Ниязалиев

2016

0
0

Share:


Чарчап келсем кубатым сен,
Жылмайып тосконуң ай-күнгө тең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.
Очокту жандырган мээнеттериң,
Мелтиреп чалкыган көлдөй терең.

Кайырма:
Кандай сезим сүйүү деген?
Балдай сезим сүйүү терең.
Жароокерим, өзүң барда.
Жашоом шаңдуу бакыт белең?
Жароокерим, өзүң барда,
Жашоом шаңдуу бакыт белең?

Жүрөгүм сүйүп алганымсың,
Жүдөсөм үмүт байларымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.
Ар убак шүгүр Жаратканга,
Арманды жолотпос майрамымсың.

Кайырма:

Сени менен жашоо таттуу,
Кечирген күндөрүм салтанаттуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.
Кайгырсам капамды жууп турчу,
Камкордугуң таза суу сыяктуу.

Кайырма.

Сөзү: Б.Акматов, Т.Ниязалиевдики
Обону: Т.Ниязалиевдики
Турдакун Ниязалиев, Жубайыма lyrics, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

28.02.2016
Music Videos
Турдакун Ниязалиев
Жубайыма