Каниет ыры lyrics

Турдакун Ниязалиев

2016

0
0

Share:


Кем болдум деп турмушуңа арданба,
Кейибегин ырыскың бар жалганда.
Кызыгына терең түшүп, берилип,
Кур дүйнөнү кумар тутуп алданба.

[Кайырма:]
Жараткан кураган,
Жарык нур бул аалам.
Жалынсыз ойлорго
Жеңилбе суранам.
Жеңиш бар чыдасаң.

Мансап үчүн башың жерге салбагын,
Мээнет кылчу элден калбас бар жаның.
Жер үстүндө тилек кылып жашасаң,
Жүрөк менен тапса болот калганын.

[Кайырма:]
Жараткан кураган,
Жарык нур бул аалам.
Жалынсыз ойлорго
Жеңилбе суранам.
Жеңиш бар чыдасаң.

Сөзү: Акбар Кубанычбеков
Обону: Турдакун Ниязалиев
Турдакун Ниязалиев, Каниет ыры lyrics, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Admin

Added Lyrics

23.04.2016