Темирлан Мукашов Ата-эне (0) lyrics

Ата-эне lyrics

Темирлан Мукашов

0
0

Share:


Жүрөсүңөр жашап-иштеп алыста,
Чоло тийбейт ай өткөрбөй барышка.
Ак эмгекти актайын деп уулуңар,
Билим үчүн түшкөн узак жарышка.

Ойлоорсуңар санаа тартып, камыгып,
Садагалап, караанымдан кагылып.
Силер мени самагандай жол карап,
Мен да жүрөм өзүңөрдү сагынып.

Силер анда, мен күнчүлүк алысмын,
Заманамдан калбай келет жарышкым.
Алпештеген энем менен атакем,
Мен силерге өмүр бою карызмын.






GM

Added Lyrics

03.07.2016