Арман lyrics

Таалай Эшмурзаев

0
0

Share:


Сындайсыңбы, кыйнайсыңбы билбедим,
Күндүз ойго, түндө түшкө киресиң.
Өңдөн азып өзгөрүлүп баратам,
Айтчы, жаным, аны качан сезесиң?
Жолукканда ысык сүйкүм мамилең,
Ошон үчүн мен өзүңө берилем.
Коштошордо колуң сунуп жылмайып,
Көз карашың тоңгон музду эриткен.

[Кайырма]
От болуп жанам,
Чок болуп калам,
Сени бир көрбөсөм арман.

Канча жүрдүм убакытты белгилеп,
Ишендирдиң айткан убак келем деп.
Менден башка, мүмкүн, бардыр адамың,
А мен болсо сени күтөм келер деп.
Мынча мени оюн кылып кыйнайсың,
Айтчы, жаным, качан-качан сылайсың?
Мейли мени от-жалынга сала бер,
Сенин бардык азабыңа чыдаймын.

Таалай Эшмурзаев, Арман lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016