Токтогулга кетесиңби lyrics

Сыймык Бейшекеев

0
0

Share:


Түн сүйүүмдү сага болгон,
Ушунча да эзесиңби?
Сага арнап ырдап жатам,
Сүйүүмдү сен сезесиңби?

[Кайырма]
Сага арнаган ак сүйүүнүн,
Кадырына жетесиңби?
Макул болуп мени менен,
Токтогулга кетесиңби?

Жолугууга чакырайын,
Жообун айтып келесиңби?
Анчалык көп кыйнабачы,
Алда мени сезесиңби?

[Кайырма]

Айтчы гана, жообун айтчы,
Алоолонуп күйүп барам.
Анчалык көп назданбачы,
Ал ансайын сүйүп барам.
Келчи, гүлүм көп күтпөстөн,
Максатыма жетсем окшойт.
Күтө бербей Токтогулга,
Алып качып кетсем окшойт.

[Кайырма]
Сыймык Бейшекеев, Токтогулга кетесиңби lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016