Кызгалдактуу талаалар lyrics

Сыймык Бейшекеев

0
0

Share:


Жаз белгиси кызгалдак,
Ай, ыргалат.
Жазгы желге жылмаят,
Ай, нурданат.
Махабаттын дастаны,
Ай, ырлары,
Бүгүн даңктап ырдалат,
Ырдалат махабат.

[Кайырма]
Кызгалдактуу талаалар,
Кызык сүйүү жаралар.
Кол кармашып ал жаштар,
Гүлдүү шалбаа аралаар.

Аңкыган жаз илеби,
Ай, билеби?
Ал - өмүрдүн тиреги,
Ай, тилеги.
Махабаттын ырлары,
Ай, сырлары.
Жашыл жазбы себеби,
Себебин билели.

[Кайырма]

Сүйүү ыры ырдалат,
Ай, кызгалдак.
Жүзүбүздөн нур тамат,
Ай, кызгалдак.
Бата берип сүйүүгө,
Ай, күнүгө.
Бакыт себет кызгалдак,
Кызгалдак нурданат.

Сыймык Бейшекеев, Кызгалдактуу талаалар lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016