Жүрөктү кетпе жаралап lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Өзүңдү сүйгөн күнөөмбү?
Өрттөндүм, аргам түгөндү.
Ашыктык гүлү ачылсын,
Жүрөккө сепчи үрөндү.

Өкүнүп улам тездеши,
Өмүр ал учкул кез дечи.
Жазыксыз сүйүп калганга,
Касыңдай мени эзбечи.

Адамда ар сыр, кыял бар,
Айталбайт аны уяңдар.
Өчпөгөн көңүл чолпону,
Өзүңө мендей улан зар.

Дартыңды ачуу далалат,
Даба тап, сүйүүм аманат.
Суу бүркүп үмүт отуна,
Жүрөктү кетпе жаралап.

Рыспай Абдыкадыров, Жүрөктү кетпе жаралап lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016