Жүрөккө жүрөк сыр берет lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Нукура тийген күндөйсүң,
Нуруна куштар ким дейсиң.
Кылчая карап бассам да,
Кыялым, жигит, билбейсиң.

Айдарым соккон желдейсиң,
Айланып неге келбейсиң?
Жылмая карап тоссом да,
Жылдызга колуң сермейсиң.

Өтпөсө деймин өмүр бош,
Өмүргө жөлөк өмүр кош.
Жүрөгүм таппай түгөйүн,
Жүрбөйүн жаным көңүл кош.

А таңда жарык нур келет,
Анткени бурулчу беле?
Жүзүңдөн жүзүм от алып,
Жүрөккө жүрөк сыр берет.

Рыспай Абдыкадыров, Жүрөккө жүрөк сыр берет lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016