Түшүмө кирдиң түндө сен lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Жыпар жыт каптап,
Дүйнөнүн жибек жел эзген.
Жүрөгүм чакмак,
Жүлүндөн бери "дүрт" эткен.

Сел болуп аппак,
Нур болуп каптап жазында.
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак кайың бүрдөп,
Ажайып аалам тиктесем.
Толкуну түрмөк,
Айдың көл мына издесем.
Токтолбо жүр деп,
Толкунга мин деп шаштырып.
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Ак шумкар шаңшып,
Канатын күүлөп бийиктен.
Көңүлдү тартып,
Кайберен жүргөн бийик бел.
Көл болуп чалкып,
Жыт болуп аңкып алыстан.
Түшүмө кирдиң,
Түшүмө кирдиң түндө сен.

Рыспай Абдыкадыров, Түшүмө кирдиң түндө сен lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016