Сары-Челек көлгө бир арзуу lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Көл уктап дайым жаткансыйт,
Түш көрүп күндө бактылуу.
Назданып кирпик каккансыйт,
Наристе таңда, наристе таңда,
Наристе таңда жаш сулуу.

Бийлетип жаздын жамгырын,
Керемет укмуш үн угулат.
Кулпунтуп кийип ай нурун,
Кучактайт тартып койнуна.

Көңүлдү дайым эргиткен,
Түңгөнбөс, өчпөс кумарым.
Санаадан алып сергиткен,
Сары-Челек арзып турарым.

Рыспай Абдыкадыров, Сары-Челек көлгө бир арзуу lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016