Сагынган жанмын сага окшоп lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Өрттөдүм дебе, жаз менен келип жалынга,
Жаныңда турсам жайдары мүнөз көрүнүп.
Сен ала келген көңүлдүн ысык демидир,
Сан ойго бүгүн ээ бербей турсам төгүлүп.

Мезгилди күткөм маанайы күздөй кыялкеч,
Муңайым жанган үмүттөн түзүп бир элес.
Убайым жеген күндөрдү тансам бирпаска,
Мендеги шоктук анчейин жаштык деле эмес.

Келгиндер өтсө көк ирим жээкке таң менен,
Сагынчың төгүп, толкунга бол дейм жан жолдош.
Түйшүктүү өмүр, түндүгүм алыс болбосо,
Мен дагы көлдү сагынган жанмын сага окшош.

Рыспай Абдыкадыров, Сагынган жанмын сага окшоп lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016