Рыспай Абдыкадыров Кылчактап неге карадың? (0) lyrics

Кылчактап неге карадың? lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Жактырган жоксуң бир бассам,
Жан кыйнап жүргөн сырды ачсам.
Акырын артка чегиндим да,
Жолуңа тоскоол кылбастан.

Жандырып мени жамалың,
Акмалай илкип барамын.
Алыстай түшкөн кезиңде,
Кылчактап неге карадың.

Чачыңды сууга тарадың,
Тунугун суунун санадың.
Кыпкызыл гүлдү булгалап,
Кылчактап неге карадың.

Үзүлүп такыр карааның,
Билбеймин нени самадым.
Үйүңө жетип алсаң да,
Кылчактап артың карадың.

Чачыңды сууга тарагын,
Жүрөктүн дартын аягын.
Жолотпой койсоң мейличи да,
Кылчактап кээде карагын.








GM

Added Lyrics

03.07.2016


shinline.kz