Келчи, келчи, кымбатым lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап, мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң, кымбатым?

Жаркын гүлдөр жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл, менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң, кымбатым?

Дарак тагып түркүн мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласын.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң, кымбатым?
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.

Эки жүрөк бирин-бири тыңдасын,
Эзилишип, элжирешип жыргасын.
Керемет бар сенде кышты жай кылар,
Келчи, келчи, кыш чилдеде, кымбатым.
Келчи, келчи, сүйөр болсоң, кымбатым.

Рыспай Абдыкадыров, Келчи, келчи, кымбатым lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Болот

14 2016

эмне деп коментарий жазам? ачылбай жатпайбы.

гулнур сатылганова

18 2016

ыр кесе

гулнур сатылганова

18 2016

келчи,келчи,кымбатым

даниель

20 2016

dddddd

Кайрат

21 2016

Ассалому алейкум

Миргул

23 2016

мен жакшы кором ырдаганды

Эркайым

23 2016

Класс!

Байгазы

14 2017

сонун

Байгазы

14 2017

сонун

GM

Added Lyrics

02.08.2016