Биз экөөбүз lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Билбейм кайдан табылгансың сен мага?
Маңдайыма бүткөн жалгыз бакыттай.
Сени сүйдүм, буйрук алып тагдырдан,
Башкалардын миңи сага татыбай.

Же атайы сен жаралып мен үчүн,
Төрөлгөндө мендик болуп төрөлдүң.
А болбосо айтчы, жаным, эмне үчүн,
Зарлап тапкан перзентимдей көрүндүң?

Биз жолуктук майдын жумшак түнүндө,
Ал түн мага сени эскерткич белектей.
ММен сүйлөсөм сенин үнүң үнүмдөй,
Мен көрүүгө сенин көзүң керектей.

Уктаганда сенин уйкуң менде бар,
Ойлорум да ойлоруңа киришкен.
Сен экөөбүз эки сандай барабар,
Сен экөөбүз эки суудай бириккен.

Биз экөөбүз эки сандай барабар,
Биз экөөбүз эки суудай бириккен.

Рыспай Абдыкадыров, Биз экөөбүз lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016