Алтынчы күнү кечинде lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Ал мезгил менин эсимде,
Али да турат сезимде.
Ар дайым күтүп барчумун,
Алтынчы күнү кечинде.

Сүйүү оту турса көзүңдө,
Сүйүнүч турса сөзүңдө.
Сабактан бошоп сырдаштык,
Алтынчы күнү кечинде.

Сырдашпай келип чечимге,
Чыгарбай сырды эч кимге.
Диплом алдың, сөз бердиң,
Алтынчы күнү кечинде.

Эртелеп барсам бешимде,
Экзамен бүткөн кезинде.
Ашыкпа дедиң, той болот,
Алтынчы күнү кечинде.

Рыспай Абдыкадыров, Алтынчы күнү кечинде lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016