Ак куулар сени сагынар lyrics

Рыспай Абдыкадыров

0
0

Share:


Ичимде күйгөн жалын бар,
Издесем түгөй табылар.
А бирок көлгө конбосоң,
Ак куулар сени сагынар.

тагдырга ар ким кезигет,
Таасири күчтүү сезилет.
Кечикпей ушул турмуштан да,
Жолуксам деймин тезирек.

Турмуштун ар кыл даамы бар,
Тузу бар, ширин балы бар.
Айланып көлгө конбосоң да,
Ак куулар сени сагынар.

Алманын гүлдүү шагы бар,
Ай тийген түндүн таңы бар.
Акыры көлгө конбосоң да,
Ак куулар сени сагынар.


Рыспай Абдыкадыров, Ак куулар сени сагынар lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016