Апакем lyrics

Нурзат Садыкова

0
0

Share:


Апапак жоолук салынып,
Амандык тилеп жалынып.
Алыстан кызым келет деп, ай,
Апакем жүрөт сагынып.

Тарттырбай ал кез жашымды,
Тал-талдап өргөн чачымды.
Алсырай түшсөм апакем, ай,
Алдына жөлөйт башымды.

Ар дайым жарык маанайың,
Агарып барат саамайың
Алпештеп бизди өстүргөн, ай,
Апалар жашоо таалайы.
Алпештеп бизди чоңойткон, ай,
Энелер жашоо таалайы.

Нурзат Садыкова, Апакем lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016