Жаным, сага мен канткенде жагамын? lyrics

Нурлан Насип

0
0

Share:


Күлөсүң, күлөсүң, тоготпой жүрөсүң,
Ансайын байланып мен сени сүйөмүн.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Кызганам, кызганам, өзүңдү башкадан,
Кыйнабай түшүнчү сезимди, суранам,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

[Кайырма]
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Артыңдан калбадым, көңүлүң бурбадың,
Гүлүмдү сунсам мен, кол сунуп албадың.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?
Издетип өзүңдү жүргөндү сүйөсүң,
Жолуксак капыстан назданып күлөсүң.
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

[Кайырма]
Кериле сулуу басса керемет,
Табышмак болуп мага сезилет.
Амалын таппай жүрөк эзилет,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?

Жанаша бассам мени теңсинбей,
Көтөрдүң боюң мага ченебей.
Сүйүүмдү айтсам койдуң кенебей,
Жаным, сага мен канткенде жагамын?


Нурлан Насип, Жаным, сага мен канткенде жагамын? lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Шахзадбек

07 2016

менда нурлан ырдасам екен

акыл

12 2017

жакшы

Жыргал

08 2017

Эн керемет

GM

Added Lyrics

03.07.2016