Оңол элим lyrics

Нурлан Насип

0
0

Share:


Заманыбыз бузулгандай туюлат.
Жаштар жүрөт көчө тентип аралап.
Кыргыз элим намыскөйлүү калк келген,
Таштагыла, жакшы жолго алып барбайт.
Кыйын кезде кырылбаган кыргызым,
Башын ийип чөгөлөбөй көп кылым,
Алдырбастан эч бир жанга намысты,
Сактап келген Ата Мекен кыргызым.

[Кайырма]
Байлык, бийлик азгырат го жолуңдан,
Кыргыз элим, адашпагын жолуңдан.
Ынтымактуу болуп элим жашайлы,
Заманыма ыйман бергин, Жараткан.
Жараткандан жалыналы, сурайлы,
Элибизге берсин тынчтык, ыйманды.
Бирибизди тонобойлу, кыргызым,
Ортобузда ынтымак, күч орносун.

Байлык десе адашабыз түз жолдон,
Пулун берип чоң жумушка орношкон.
Жок болсо дейм ошондойлор арадан,
Оңолот го кыргыз элим, оо, качан?
Кыргыз деген атыбыз эч өчпөсүн,
Кылымдарга жаша, эрип чөкпөгүн.
Ата Мекен жалгыз бирөө, экөө эмес,
Ырыскыңды, кыргыз элим, төкпөгүн.

[Кайырма]

Нурлан Насип, Оңол элим lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

алина

03 2017

азыркы жаштарга сабак

нурали мураталев

07 2017

нурали

нурали мураталев

07 2017

Бул ыр жакты маңа зор экен ким ырдаган десеңер Нурлан насип

GM

Added Lyrics

03.07.2016