Мен эми кайрылбайм lyrics

Нурлан Насип

0
0

Share:


Жүрөктө сезимди жалгызым жараладың,
Канча убак күттүрүп, сен неге кайрылбадың?
Канчалык сүйөрүмдү билесиңби,
Айла жок мен сага эми кош айтамын.

[Кайырма]
Мен эми кайгырбайм,
Сени эстеп көзгө жаш албайм,
Жүрөгүм ыйласа да, сен деп,
Болду эми сагынбайм
Мени издеп кайрылба,
Кечиктиң эми садага,
Сен кеттиң, эми сен сагынба.

Бир кезде ээрчишкен махабатым элең,
Түбөлүк жанымда, болом дечү элең.
Бал ширин бактылуу күндөрдү унуттуңбу,
Оорутуп жүрөктү, кай жакка кеттиң экен.

Нурлан Насип, Мен эми кайрылбайм lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016