Көпөлөгүм (New version) lyrics

Нурлан Насип

0
0

Share:


Жалгызым менин, жашоомдо сенсиң,
Кылыктарың чыгат эркелесең сенин.
Жаратканымдын энчилеп мага,
Буюруп койгон белеги сенсиң.

Сен, мен түбөлүк дайым,
Кол кармашып жүрөлүк, жаным.
Махабатка чөмүлүп бирге,
Таталы сүйүүнүн даамын.

[Кайырма]
Мен, мен сени сүйөмүн,
Татынакайым, таарынчагымсың, балапаным.
Мен, мен сени сүйөмүн,
Жан дүйнөмдөн көкөлөп учкан, көпөлөгүм.

Тамаша айтсам таарынып мага,
Капа болот менин тентегим.
Түбөлүк мага колуңду сунуп,
Өмүрүмдүн гүлү болчу сен.

Гүлдөрдүн түрүн үзөйүн тандап,
Жүрөктөн сунам сүйүүмдү арнап,
Бир келген бакытты учурбай, жаным,
Жүрөлү жанашып сүйүүнү барктап.

[Кайырма]
Нурлан Насип, Көпөлөгүм (New version) lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

айдай

27 2017

эн сонун ыр

Бийкел

22 2017

Эн суйкумду ыр

наргиза

22 2017

сонун

Admin

Added Lyrics

17.07.2017