Эркинай lyrics

Нияз Абдыразаков

2016

0
0

Share:


Айла жоктон неттим ай,
Акылымдан кеттим ай.
Сүйүп калып сени, Эркинай.
Жолдоп айтып болгонун,
Жолболдудай Чолпонум,
Сен деп ырдайм
Мен да, Эркинай.

[Кайырма:]
Аттиң, неге жолуктуң?
Сени алам деп оолуктум,
Улуу кызым окуп калганда.
Үчүнчүсү төрөлүп,
Ак бешикке бөлөнүп,
Ортончусу басып калганда.

Тоодой ойду толгоюн,
Токтогулдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.
Ырга салып торгоюм,
Ырыспайдай боздоюн,
Сүйгөнүм чын сени, Эркинай.

[Кайырма:]
Аттиң, неге жолуктуң?
Сени алам деп оолуктум,
Улуу кызым окуп калганда.
Үчүнчүсү төрөлүп,
Ак бешикке бөлөнүп,
Ортончусу басып калганда.

Бирге турсам жанашпай,
Бирге бассам жарашпай,
Каламынбы сага, Эркинай?
Албырып күйгөн чырактай,
Арманым деп Чубактай,
Каламынбы же мен, Эркинай?

Сөзү: Бек Борбиев
Обону: Бек Борбиев
Нияз Абдыразаков, Эркинай lyrics, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

Долонбай

28 March 2017

Не деген ыр,не деген обон!!!Керемет!!!

Admin

Added Lyrics

30.04.2016