Кат жазам сага lyrics

Неля, Урмат Усенов

0
0

Share:


Батыш жактан сыдырым жел, шамал согуп,
Көк талаада мен отурдум көпкө ойлонуп.
Жибек сымал саамайыңды эске салам,
Шамал жеткен жоогазынды карап коюп.

[Кайырма]
Кат жазам сага мен алыстан,
Зар болуп сенин элесиңе.
Бир өзүңдү теңеп жылдыздарга,
Алмаштырбаймын сени эч кимге.

Теңейм сени жоогазынга гүлүн ачкан,
Жаш бутакка эрте жазда бүрүн чачкан.
Теңеп сени жылдыздарга бүлбүлдөгөн,
Теңейм күнгө көк мейкинден нурун чачкан.

[Кайырма]

Неля, Урмат Усенов, Кат жазам сага lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016