Баарыңды күтөт Ала-Тоо lyrics

Нарынбек Калыбаев

0
0

Share:


Чечилбей жолдор ичкерип,
Чет жактан бакыт издедик.
Мекенге төкпөй маңдай тер,
Чет элде жүрүп иштедик.

Балдарым аман жетсе деп,
Басынбай өнүп-өссө деп.
Ата-эне ар бир мүнөтүн,
Силерди ойлоп өткөрөт.

[Кайырма]
Турмуштун каарын кенебей,
Тулпары качкан желедей.
Баарыңды күтөт Ала-Тоо,
Балдарын күткөн энедей.

Таалайлуу өтсүн ай-жылың,
Тартпасын эч ким кайгыны.
Акчаңар эмес, өзүңөр,
Мекенимдин, ай, байлыгы.

[Кайырма]

Ааламды кеттик аралап,
Аман бол, баарың саламат.
Кубанып элге келгенче,
Кудайга кылдык аманат.

[Кайырма]
Нарынбек Калыбаев, Баарыңды күтөт Ала-Тоо lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016