Сен деп жашайм lyrics

Мирлан Абдыраев

0
0

Share:


Мен булут болуп асман жүзүнөн,
Мен тамчылардай көктөн үзүлгөн.
Жамгыр болуп сага, себелеген майда,
Жазың болом көңүл сергиткен.
Сыяланган сапта сызып жазган кайра,
Ырың болом жүрөк эргиткен.

[Кайырма]
Сен деп жашайм,
Элестетип сени гана.
Сенсиң дүйнө,
Бир мага.

Сен жыпарыңды чачып гүлзардан,
Сен кулпурсаң жүзүңө суктанам.
Гүлүң ачсаң мага, мээрим төгүп таңда,
Күнүң болом сага нурданган.
Сыяланган сапта сызып жазган кайра,
Ырың болом сүйүү арнаган.

[Кайырма]
Мирлан Абдыраев, Сен деп жашайм lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016