Сагынам lyrics

Марат Ибраев

0
0

Share:


Сагынам сени ойлонуп,
Самадым эстеп кадырың.
Кайсы эле күнү өчүрөм,
Жүрөктүн күйгөн жалынын?

Аттандым алыс эртеси,
Алтыным мында келсечи.
Айлыңда аман бар бекен,
Акындын сүйгөн эркеси.

Айтайын тилим сайратып,
Ашкере ичти кайнатып.
Кай жерде жүрөт болду экен,
Аркардай көзүн жайнатып.
Марат Ибраев, Сагынам lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016