Чолпон болсоң... lyrics

Марат Ибраев

0
0

Share:


Жатам ойлуу жалгыз өзүм камыгып,
Өткөн күндөр көз алдымдан агылып.
Мүмкүн, азыр мени ойлоп сен дагы,
Жаткандырсың ай шооласын жамынып.

Бетти сылап өтүп кеткен жай жели,
Эркелетип сүйгөн чыгар ал сени.
Сени карап күлүңдөгөн чолпон да,
Күлөт сырга түшүнгөндөй мендеги.

Чолпон болсоң сенин кайда жүргөнүң,
Мага даана болбойт беле, сүйгөнүм.
Дайым кечте уйку алдында жылмайып,
Жанга кубат болбойт беле суйгөнүң.
Марат Ибраев, Чолпон болсоң... lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016