Таласым lyrics

Малик Аликеев

0
0

Share:


Токоюм бойлоп баратсам,
Суктантып көздү караткан.
Алыстан келген адамдар, ий,
Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан.

Береке нурун сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер.
Хан Бакай, Кошой баш болуп,
Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер.

Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластын,
Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер.

Ак чөлмөк ойноп тан аткан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсөм да эй,
Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан
Малик Аликеев, Таласым lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






Comments

алик

29 2017

сонун чыгармалардын бири.

GM

Added Lyrics

03.07.2016