Жалгыздыктан тажап бүттүм lyrics

Иса Өмүркулов

0
0

Share:


Жамалы белең берметтин,
Жабыркап жүрөк дегдеттим.
Кароосуз калган кайыктай,
Кайыр кош, жаным, сен кеттиң.

[Кайырма]
Карап, карап
Кайрадан сени самап,
Күттүм (4 жолу).
Жалжалым,
Жалгыздыктан тажап бүттүм. (4 жолу)

Көпөлөк гүлгө коно албай,
Көңүлүм сыздап толо албай.
Серпилип жүрөк кыйналды,
Сендейлер сендей боло албай.

Кайырма.

Кош дегим келбейт, кош дегим,
Козгобо, бөлөк жок кебим.
Кайгырсам жалгыз, аргам жок,
Кош дешер жарым жок менин.

Кайырма.
Иса Өмүркулов, Жалгыздыктан тажап бүттүм lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016