Издеп жүрөм lyrics

Гүлсүн Мамашева

0
0

Share:


Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм.
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өңүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.

Сыртыңдан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айылыма келер бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.

Сен менен колтукташып көл бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Асылып чарчасаң да моюнуңа,
Таарынчым таркамайын тим койбосом.

Гүлсүн Мамашева, Издеп жүрөм lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

03.07.2016