Кубулжу, менин ырларым lyrics

Эрнест Бөрүбаев, Сапар Эркебаев, 60'K тобу

0
0

Share:


Түркүн ыр шаңдуу жаңырып,
Дүркүрөп колдор чабылып.
Ырыстуу күндү жар салып,
Ыр дүйнөм барат агылып.

[Кайырма]
Кубулжуй бергин, ырларым,
Кубантып жүрөк сырларын.
Жашоонун ыры - бул ырлар,
Жар салган жаштык жыргалын.

Кайрадан ырлар уланып,
Кадалат көздөр суранып.
Көл бойлоп бара жаткансып,
Көңүлдөр эргийт кубанып.

[Кайырма]

Өскөн жер ырдан жашарып,
Өмүрлөр барат тазарып.
Мекеним тынчтык ырлары,
Гүл жайнайт күндө жасанып.

[Кайырма]
Эрнест Бөрүбаев, Сапар Эркебаев, 60'K тобу, Кубулжу, менин ырларым lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

06.07.2016