Жараланган жүрөк lyrics

Дүйшен Узен

0
0

Share:


Жаза басып жүдөп, жараланды жүрөк,
Жабыркаган сезим жалгыздыкта жүрөт.
Жалын чачкан сүйүүм жабыркап бир күйөт,
Жамалыңды, жаным, жан дүйнөмдөн сүйөм.

Ак сүйүүнүн гүлү ачылбады неге?
Күтөм деген сөзүң жалган эле дебе.
Арнап сага баарын, ара жолдо калдым,
Арман болду сүйүү, азабына баттым.

[Кайырма]
Унутам сени, кайгырбайм эми,
Сагынбайм сени.
Алдадың неге, жүрөгүм менин
Азарым бердиң, кайрылбайм эми.

Алсыз беле, жаным, сенин сүйүү жазың,
Мага болгон сүйүүң, айтчы, кимге арнадың?
Тагдырыма салдың азаптуу бул күндү,
Жүрөктө так калды армандуу сүйүүнүн.

Толуп турган жүрөк, эми сенсиз калды,
Тосуп келем, айым, сенсиз аппак таңды.
Мейли, мейли, жаным, бул күндөр да өтөр,
Бактылуу бол эми жарың менен дайым.

[Кайырма]

Дүйшен Узен, Жараланган жүрөк lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

14.07.2016