Дилшат Кангелдиева Колхоздогу курбума (0) lyrics

Колхоздогу курбума lyrics

Дилшат Кангелдиева

0
0

Share:


Кадырлап катты жазамын,
Капамды мен качан ачамын.
Катымдын жообун кайра жаз,
Деги, сынбасын менин назарым.

Колхоз бир сенин турагың,
Кадырлаш эсен турамын.
Каттаган, өткөн кишиден,
Деги, билмексен болуп сурадым.

Карайып кашың коюлган,
Кадырың кетпейт оюмдан.
Сагынсаң салам жаза жүр,
Деги, сабатың сенин жоюлган.

Караймын, сенин жолуңду,
Кармасам деймин колуңду.
Кат сабатың жоюлган,
Деги, кайтаргың эрте жообуңду.






GM

Added Lyrics

08.07.2016