Деля Беркиналиева Жаным дейсиң (0) lyrics

Жаным дейсиң lyrics

Деля Беркиналиева

0
0

Share:


Төгүлүп ай нуру айтчудай бар чынын,
Жолукканда төгөт бар сырын.
Бакыт шагын ийген,
Жалыны жок күйгөн,
Ашыгым бар мени чын сүйгөн.
Махабаттын багында,
Жан биргемдин жанында,
Бир бололу ар бир таңында.

[Кайырма]
Жаным, жаным, жаным дейсиң,
Жаным жаркылдагым дейсиң,
Айым гүлүм, күнүм дейсиң жанымда.
Бала сымал, эркем дейсиң,
Сезимимди сезсең дейсиң,
Назик кармап жетелейсиң, колумдан.

Жүрөгүмдүн теңи, кездештирди сени,
Ак сүйүүгө эркелейли.
Жылдызы көп түндө,
Сени короп күндө,
Сырдашалы экөөбүз бирге,
Махабаттын багында,
Жан биргемдин жанында.
Бир бололу ар бир таңында.

[Кайырма]






GM

Added Lyrics

08.07.2016