Ак тилек lyrics

Деля Беркиналиева

0
0

Share:


Ушул жылы акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул жылы кыз-жигиттер кат алышсын.
Ушул жылы баласыздар бала көрүп,
Базар болуп ордолуу бакылдашсын.

Ар кимдин кылган иши алга жылсын,
Ата-энесин сыйлабасты арбак урсун.
Каржаңдаган карылык эшик какпай,
Кылымдардай жай жылып тура турсун.

Ар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Ар, ар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул жылы,
Айыгышып арабызга аралашсын.

Баатыр аты түбөлүк турса дейми,
Сокур көрүп, дүлөйлөр укса деймин.
Ылайым чөптөр чыгып, гүлдөр жайнап,
Ырыстын ырын ырдап турса деймин.

Алсыздар алдуу болуп, күчкө толсун.
Жаштын жары жаркылдаган ак болсун,
Быйылкы тоо гүлүнүн балына окшоп,
Кыргыз элинин жашоосу таттуу болсун,
Дүйнө элинин жашоосу таттуу болсун.
Деля Беркиналиева, Ак тилек lyrics, 0
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Added Lyrics

08.07.2016