Сезген жоксуң lyrics

Болот Тасмаев

2016

0
0

Share:


Жаныңа бара албастан,
Ыраактан карап турдум.
Баштагы күндөрдү эстеп,
Башымды чайкап турдум.

Кайырма:
Сен аны, сен аны,
Сен аны сезген жоксуң,
Сен аны билген жоксуң.

Жок нерсем табылгандай,
Жарааттан арылгандай.
Жан дүйнөм балкып турду,
Ошол кез кайрылгандай.

Кайырма:

Жакындап баргым келди,
Жакшы сөз айткым келди.
Жаныңда жарым мүнөт,
Бир болуп кайткым келди.

Кайырма:

Карааның менден узап,
Жүрөктү чырмап, тузап.
Артыңдан кала бердим,
Арманда жүрөк сыздап.

Кайырма.

Сөзү: А.Раимкановдуку
Обону: А.Раимкановдуку
Болот Тасмаев, Сезген жоксуң lyrics, 2016
Біздің ұялы қосымшаларды жүктеңіздер:
Google Play және App Store






GM

Corrected text

25.02.2016
Users

GM

Music Videos
Болот Тасмаев
Сезген жоксуң